Рэпер Navai Казакстандын чек арасынан кармалды: Бишкектен баңгизат сатып алганын айткан
Рэпер Navai деген ат менен белгилүү Наваи Бакиров Казакстандын чек арасында баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган деген шек менен кармалды.
Россиялык ЖМКлардын жана Telegram-каналдардын укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен маалымдашынча, ырчы бара жаткан Mercedes S-класстагы унаа Жамбыл облусундагы «Кордай» өткөрмө пунктунан токтотулган.
Текшерүү учурунда айдоочунун отургучундагы чөнтөктөн болжол менен 2,5 грамм марихуанага окшош зат табылганы айтылууда.
Маалыматтарга караганда, сурак учурунда Navai баңгизатты Бишкектен сатып алганын билдирген. Ошондой эле унаадан тамеки орогон кагаз жана майдалагыч табылган. Кийинчерээк ырчынын менеджеринин сумкасынан дагы болжол менен 10 грамм баңгизатка окшош зат табылганы кабарланган.
Navai менен чогуу жүргөн адамдар да кармалган, бирок кийинчерээк бошотулган. Ал эми ырчы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Казакстандын полициясы баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Navai 12-октябрда Бишкектеги «Жаштык Аренада» концерт берген. Ал эми 14-октябрда Астанада өтүшү керек болгон концерти уюштуруучулар тарабынан техникалык себептерге байланыштуу токтотулган.
