ИИМ Академиясында “Кыз-жигит сармерден” оюну өттү
ИИМдин Академиясында 19-февралда “Кыз-жигит сармерден” оюну өттү, деп кабарлайт ИИМдин басма сөз кызматы.
Бул иш-чара ИИМдин Эргеш Алиев атындагы Академиясынын кыздары менен Кыргыз Республикасынын Калыйнур Усенбеков атындагы Куралдуу күчтөр Аскер институнун курсанттарынын арасында өткөрүлдү.
Таймашка атайын бекитилген жобого ылайык, акындык айтыш, кыргыз элдик ырларын улуттук аспаптардын коштоосунда аткаруу, макал-лакап, табышмак, жаңылмач айтуу, акыйнек айтышуу, кыргыз бийлеринен бийлөө шарттары берилген. Эки команда тең бул шарттарды жогорку чеберчиликте аткарышып, калыстардын чечими менен бирдей упайларга ээ болушту. Жыйынтыгында «Достук» жеңишке жетишти.
Иш-чаранын соңунда калыстар тобу иш-чараны максатына жеткире уюштурган тарбия бөлүмүнө ыраазычылык билдиришти.
