Татарстанда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт
22 сентябрь

Татарстанда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт

Татарстанда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт. Иш-чара ушул жылдын ноябрына пландалган. Бул тууралуу  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маданий иш-чараны өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин КР маданият министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу менен Татарстандын маданият министри Ирада Аюпова талкуулашкан. 

Белгилей кетсек, Чыңгыз Эсенгул уулу иш сапары менен Татарстанга барган. 

Жолугушууда тараптар эки боордош өлкөнүн маданий байланыштары терең тамырларга ээ экенин белгилешип, маданият күндөрүн өткөрүү жалпы маданий, маалымат мейкиндигин бекемдөөгө жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтышты.