Бахрейнде III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын жабылуу аземи өттү
1 ноябрь

Бахрейнде III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын жабылуу аземи өттү

31-октябрда Бахрейн Падышалыгынын Манама шаарындагы Exhibition World Bahrain (EWB) конгресс-көргөзмө борборунда III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын жабылуу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын жабылуу аземине Бахрейн Падышалыгынын Жаштар жана спорт боюнча жогорку кеңешинин (SCYS) биринчи төрага орун басары, Башкы спорт башкармалыгынын жана Бахрейн Олимпиадалык комитетинин президенти шейх Халид бин Хамад Аль Халифа, олимпиадалык комитеттердин өкүлдөрү, спортчулар, машыктыруучулар жана делегация мүчөлөрү катышты.

Эл аралык спорттук иш-чаранын расмий бөлүгүндө жыйынтыктоочу сөздөр сүйлөнүп, Азия Олимпиадалык кеңешинин туусу кийинки Өспүрүмдөр Азия оюндарын өткөрө турган Өзбекстан Республикасына тапшырылды. IV Өспүрүмдөр Азия оюндары 2029-жылы Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын расмий ачылышы 22-октябрда өткөн. Аталган оюндарга дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн 6000ге жакын спортчу катышып, спорттун 26 түрү боюнча күч сынашты. Кыргызстандын атынан 18 спорт түрү боюнча 145 спортчу катышты.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы жалпы 21 медаль утту. Анын ичинен 1 – алтын, 9 – күмүш жана 11 – коло медаль болду.