VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү менен көкпар өз-өзүнчө дисциплинада өтөт
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
29 май

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү менен көкпар өз-өзүнчө дисциплинада өтөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өз-өзүнчө дисциплина катары өткөрүлөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим улуттук ат оюндарынын өзгөчөлүктөрүн жана эрежелерин эске алуу менен кабыл алынган. Ошондой эле бул кадам оюндардын эл аралык деңгээлде өнүгүшүнө жана кеңири жайылышына өбөлгө түзөрү белгиленди.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Салтанаттуу ачылыш аземи Бишкек шаарындагы жаңы “Бишкек Аренада” уюштурулат. Ал эми спорттук мелдештер Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ондогон мамлекеттен спортчулар катышары күтүлүүдө.