Кыргызстандын орто кесиптик окуу жайларынын спартакиадасы жыйынтыкталды
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
18 ноябрь

Кыргызстандын орто кесиптик окуу жайларынын спартакиадасы жыйынтыкталды

Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргызстандын орто кесиптик окуу жайларынын спартакиадасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Олимпиадалык спорттун түрлөрү жана массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясынын өкүлдөрү, студенттер жана машыктыруучулар катышты.

Спартакиада волейбол, футзал, шахмат, стол тенниси, жеңил атлетика жана тогуз коргоол боюнча өттү.

Мелдешке өлкө боюнча 28 орто кесиптик окуу жайынын командалары катышып, төмөнкүдөй жыйынтыктар болду:

1-орун - Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин колледжи. Кубок, I даражадагы диплом жана 100 миң сомдук акчалай сертификат менен сыйланды

2-орун - А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономика техникуму. Кубок, II даражадагы диплом жана 80 миң сомдук акчалай сертификат менен сыйланды

3-орун - А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжи. III даражадагы диплом, кубок жана 60 миң сомдук акчалай сертификат менен сыйланды.

4-орун - Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун колледжи. Ардак грамота менен сыйланды.

5-орун - Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун колледжи. Ардак грамота менен сыйланды.

6-орун - Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын колледжи. Ардак грамота менен сыйланды.