Кызыл-Кыяда 5,4 миң орундуу стадион курулууда 
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
19 ноябрь

Кызыл-Кыяда 5,4 миң орундуу стадион курулууда 

Кызыл-Кыя шаарында Т. Кулатов атындагы борбордук стадионду заманбап талаптарга ылайык реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, курулуш үчүн республикалык бюджеттен 350 млн сом каралган.

Долбоорго ылайык, стадион 5 миң 400 көрүүчүгө ылайыкталат. Ошондой эле көрүүчүлөр үчүн VIP-зоналар, заманбап фитнес-зал жана спортчуларга, шаар тургундарына бардык шарттар каралууда.

Курулуш аяктаса шаардагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана ири спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө заманбап шарт түзүлөт.