Кыргызстан 18 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизип, туристтердин өлкөдө болуу мөөнөтүн 60 күнгө чейин узартууну пландоодо
Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги өлкөнүн визалык саясатын либералдаштырууга багытталган токтом долбоорун иштеп чыкты.
2026-жылдын 18-ноябрында коомдук талкууга коюлган документте визасыз режим колдонулуучу өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүү жана чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү мөөнөтүн узартуу каралган.
Долбоорго ылайык, 18 мамлекеттин жарандарына Кыргызстанга визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталууда. Алардын катарына Индонезия, Филиппин, Иордания, Марокко, Түштүк Африка Республикасы, Венесуэла, Непал, Тунис, Колумбия, Доминикан Республикасы, Коста-Рика, Эквадор, Перу, Панама, Сейшел аралдары, Гватемала, Тринидад жана Тобаго, ошондой эле Ямайка кирет.
Мындан тышкары, тиешелүү тизмедеги өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн ар бир 120 күндүк мезгилдин ичинде 30 күндөн 60 күнгө чейин узартуу демилгеленди.
Документти иштеп чыгуучулардын түшүндүрмөсүнө ылайык, бул чара тоо туризмин, укмуштуу саякаттарды жана альпинизмди өнүктүрүү үчүн маанилүү. Узак мөөнөт чет элдик саякатчыларга экспедицияларды жана тоо чокуларына чыгууларды толук пландаштырууга, даярдык көрүүгө, бийиктикке көнүүгө жана маршруттарды басып өтүүгө жетиштүү убакыт берет.
Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, документти даярдоодо коңшу Өзбекстан менен Казакстандын визалык саясатынын тажрыйбасы, ошондой эле жаңы эл аралык рыноктордон туристтерди тартуу мүмкүнчүлүктөрү изилденген.
Демилге ишке ашса, Кыргызстандын туристтик жагымдуулугун жогорулатууга, өлкөгө келүүчү туристтердин географиясын кеңейтүүгө жана чет элдик коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот деп күтүлүүдө.
Учурда токтом долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына сунуш-пикирлерди чогултуу үчүн жайгаштырылды.
