Ош облусунда жер титирөө катталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 ноябрь

Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. 

КР Сейсмология институтунан кабарлашкандай, жер силкинүү 20-ноябрда саат 02:39да катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен

Жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 125 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Бор-Дөбө айылында жердин силкинүүсү 3 баллдык болуп сезилди.

Бор-Дөбө Кыргызстандын Ош облусунун Алай районунда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жок.