2027-жылдын 1-январынан тарта ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 ноябрь

2027-жылдын 1-январынан тарта ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйөт

2027-жылдын 1-январынан тарта ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйөт. Бул тууралуу Биринчи радионун эфиринде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик социалдык жөлөкпулдарды дайындоо чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Максат Туларбек кызы билдирди.

Анын айтымында, майыптыгы бар балдарга берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү азыркы 8 миң сомдон 11 миң сомго чейин жогорулайт.

Ошондой эле 18 жаштан жогорку майыптыгы бар жарандарга, анын ичинде бала кезинен майыптыгы бар жана жалпы оорудан улам майып болгон адамдарга берилүүчү жөлөкпулдар 2-3 миң сомго көбөйөт.

Мындан тышкары, Аксы окуяларында, 2010-жылдагы жана Баткен окуяларында, ошондой эле 2021–2022-жылдардагы куралдуу кагылышууларда жабыркагандарга жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө берилүүчү кошумча социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулатылат.

Ошондой эле жеңилдиктердин ордуна төлөнүүчү акчалай компенсациялар да көбөйөт.