Россия жана БУУ ДАТП Кыргызстандагы муктаж үй-бүлөлөргө 796 тонна азык-түлүк жеткирди
Россиянын Оштогу Башкы консулдугу
20 ноябрь

Россия жана БУУ ДАТП Кыргызстандагы муктаж үй-бүлөлөргө 796 тонна азык-түлүк жеткирди

Бишкек жана Ош шаарларына Россиянын гуманитардык жардамынын жаңы партиясы жеткирилди. Жалпы салмагы 796 тоннаны түзгөн жүк БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАТП) көмөгү менен алып келинди.

Жардамдын курамында 675 тонна байытылган буудай уну жана 121 тонна өсүмдүк майы бар. Азык-түлүк жакын арада өлкөнүн бардык аймактарындагы муктаж жарандарга бөлүштүрүлөт.

Жардам биринчи кезекте социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдары бар үй-бүлөлөргө берилет.

Россия менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелешкен демилгелеринин алкагында 11 миң 250гө жакын жаран азык-түлүк жардамын алып гана тим болбостон, жергиликтүү инфраструктураны калыбына келтирүү, табигый кырсыктардын алдын алуу жана жумуш менен камсыз кылуу долбоорлоруна да тартылган.

Мындан тышкары, тараптар мектептерде ысык тамак берүү программасын өнүктүрүүнү улантууда. 2026-жылы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен дагы 35 мектептин окуучулары жана 16 бала бакчанын тарбиялануучулары ысык тамак менен камсыз болду.

Учурда программа Кыргызстан боюнча миңден ашуун жалпы билим берүү мекемесинде окуган жарым миллиондон ашык баланы камтыйт.

Россия Федерациясы Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизги донорлорунун бири болуп саналат. 17 жылдык кызматташтыктын алкагында тараптар шашылыш гуманитардык жардам көрсөтүүдөн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана өлкөнүн туруктуу социалдык өнүгүүсүнө багытталган узак мөөнөттүү долбоорлорго өтүшкөн.