Мирлан Урматов Кадамжай районунун аким болуп дайындалды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
20 ноябрь

Мирлан Урматов Кадамжай районунун аким болуп дайындалды

Урматов Мирлан Шеримкулович Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент кол койгон.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, жаңы дайындалган акимди райондук активге облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Мирлан Урматов 1982-жылдын 10-февралында Чүй облусунун Сокулук районундагы Түз айылында туулган.

Билими жогорку, юрист адистигине ээ. Экономика багыты боюнча магистр даражасын алган.

Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кызматкер болуп баштаган.

Ар кайсы жылдары «Урмат Ата» дыйкан чарбасынын жетекчиси, Сокулук районундагы З. Кайназарова атындагы, Гавриловка жана Кожомкул айыл өкмөттөрүнүн башчысы, ошондой эле Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматтарында эмгектенген.