BIRLIK ARTS CARAVAN: Жумгалда жаштарга арналган мастер-класстар, кино көрсөтүүлөр уюштурулат
Нарын облусунун Жумгал районунда 2026-жылдын 24-25-ноябрында балдардын жана жаштардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө, искусствону жайылтууга жана аймактардагы калктын маданий-билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган «BIRLIK ARTS CARAVAN» маданий-агартуу иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара Жумгал районундагы Чынара Дүйшеева атындагы райондук балдар искусство мектебинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Креативдүү индустриялар паркынын (Creative Industries Park) жана «Апаке» коомдук фондунун колдоосу менен, «Торчоо Qoom» менен биргеликте уюштурулат.
Эки күнгө созулган иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн мастер-класстар, кино көрсөтүүлөр, лекциялар жана концерттик программа уюштурулат.
Иш-чаранын негизги максаты — аймактардагы балдардын жана жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү, искусствого болгон кызыгуусун арттыруу, билим жана тажрыйба алмашууга шарт түзүү, ошондой эле жаш таланттардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ачууга көмөктөшүү.
«BIRLIK ARTS CARAVAN» демилгеси маданий байланыштарды чыңдоого, чыгармачылыктын заманбап багыттарын жайылтууга жана жергиликтүү тургундарды өлкөнүн маданий турмушуна активдүү тартууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги аймактарда маданиятты өнүктүрүүгө, жаштардын чыгармачылык жактан өсүшүнө шарт түзүүгө жана маданий-агартуу иш-чараларынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоону улантууда.
