Ырыскуль Жумабекова: Мен күчтүү аялмын деген ой менен көп жүктү өзүбүзгө артып алуудан абайлашыбыз керек
Жаратылыштан берилген эне, жубай болуу милдеттери менен ишкерликти айкалыштырып, он жылдан ашуун убакыттан бери балдардын билимине жана тарбиясына салым кошуп келе жаткан Ырыскүл Жумабаева бир кезде өз кызын бала бакчага жайгаштыра албай кыйналган жаш эне болчу. Ошол кездеги муктаждык кийин чоң демилгеге айланып, бүгүн ал ийгиликтүү ишкер, Бишкек шаарында бир нече филиалы бар “Умняшка” бала бакчалар жана “Гениус” мектептер тармагынын негиздөөчүсү.
Ал үчүн ийгиликтин сыры – бөтөн бала болбойт, ар бир бала мээримдүү мамилеге татыктуу жана күчтүү командасыз иш алдыга жылбайт.
Ал эми ишкер айым үчүн эң маанилүүсү – канчалык чоң ийгиликтерге жетпесин, өзүнүн аялдык назиктигин жоготпоо.
Биз Ырыкүл Жумабаева менен бизнеске алып келген жолу, ийгиликтери жана айым ишкердин жандүйнөсү тууралуу маектештик.
- Бала бакча ачуу идеясы эмнеден улам келип чыкканын айтып берсеңиз? Агартуучулук жаатындагы, айрыкча, бөбөктөргө тиешелүү милдетти моюнга алуу үчүн чоңураак эрк керек го дейм.
- Биздин иштегенибизге он жылдан ашты.
2013-жылы биринчи бала бакчабызды ачканбыз. Ал убакта жаш үй-бүлө болчубуз, тун кызыбыз төрөлүп, бала менен үйдө отуруп калдым. Кызым эки жашка чыкканда жумушка чыгуу үчүн бала бакчага берейин дедим. Бирок мамлекеттик бала бакчадан орун таппадым, ал эми жеке менчик бала бакчалардын баасы биздин ал убактагы үй-бүлөлүк бюджетибизге ылайык келбеди.
Өзүм И.Арабаев атындагы университетинен англис тили мугалими багытында билим алгам. Андан кийин ошол эле университетте сабак берип иштеп жүрүп декретке чыккан болчумун. Кесибим педагог болгондуктан, балдар менен иштешүү мага жакшы тааныш. Ойлонуп көрүп өзүм бала бакча ачууну чечтим, жолдошум дагы бул демилгемди колдоого алды.
Ачкан ишиңди сүйүп, жан дилиң менен мамиле жасасаң баары шыр кетет экен. Он жылдын ичинде бала бакчанын 3 филиалын ачтык.
Бала бакчабыз ийгиликтүү иштеп баштагандан соң, беш жылдан кийин бизге балдарын берген ата-энелердин суранычы менен мектеп ачууга жетиштик. “Балдарды мектепке абдан жакшы даярдайт экенсиңер, мектеп ачсаңар кайра эле силерге келмекпиз”, - деген суранычтар бизге стимул болуп берди.
Бала бакчаларыбызда жана мектептерибизде кайрымдуулук иштери жүрүп турат. Ата-энеси жок же аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана окууда мыкты көрсөткүчкө жетишип, олимпиадаларда жеңүүчү болгон балдарга төлөм жагынан жеңилдик беребиз.
- Эки жыл мурда бала бакча иштеткен ишкерлерге мамлекет тарабынан бир катар жеңилдиктер берилген. Алар түйшүгүңүздөрдү канчалык жеңилдетти?
- Салык жагынан берилген жеңилдиктер чынында, бир топ жүктөн куткарды. Анткени балдар кичине чагында көп ооруйт, бала бакчага үзгүлтүксүз келишпейт, а келбеген учурлары үчүн төлөнбөйт. Имаратты болсо ижарага алып иштетебиз, анын баасы кымбат, тапканыбыздын дээрлик жарымы ижарага акысына кетет. Ушундай шартта салыктан жеңилдик болгону бизге чоң жардам.
Мындай жеңилдиктер ишин жаңы баштагандар үчүн айрыкча зарыл экендигин баса белгилегим келет.
Биринчи имаратты ижарага аласың, аны ишке ыңгайлаштырып оңдоп-түзөйсүң, андан соң гана балдарды кабыл аласың. Балдар чогулганча, ата-энелер ал бала бакча тууралуу билгиче, көп убакыт кетет. А ижара акысын дароо төлөгөнгө туура келет.
Андан сырткары тамак-аш, кызматкерлердин айлыгы, коммуналдык тейлөө сенин кирешеге өтүшүңдү күтүп отурбайт. Ошентип, бала бакча ачкандардын алгачкы бир – эки жылы чыгашага гана кетет.
- Бала бакча ачууда кандай талаптарга жооп бериш керек?
- Ар бир иштин өзүнө тиешелүү процедуралары бар. Бала бакча ачаарда атайын комиссиянын текшерүүсүнөн өтөсүң.
Балдар менен иштешүүдө бул абдан маанилүү, имарат балдарга ыңгайлашканбы, күн тийген, жарык бөлмөлөрбү, ным эмеспи, кыймылдоого орун кененби, кандай тамак берилет, кандай сабак өтүлөт – баары каралат.
Андан тышкары кызматкерлерди ишке алууда алардын психикалык саламаттыгын текшерүү зарыл.
Мен мындай талаптарды туура деп эсептейм, анткени ата-эне бизге баласын ишенип тапшырат.
- Сиз үчүн бала менен иштешүүдө көңүлгө алчу башкы нерсе эмне?
- Балага жакшы мамиле кылуу, көңүлүн табуу.
15 жылдай мурун биринчи бала бакчабыз иштеп баштаганда топтогон командам бүгүнкү күндө күчтүү командага айланды. Биз баланын ой жүгүртүүсүн өстүрүү менен катар чымыр денелүү, саламаттыгы чың болушуна да басым жасайбыз. Бала убактысынын көбүн бала бакчада өткөрөт, ошондуктан бардык – физикалык, логикалык көнүгүүлөрдүн басымдуу бөлүгү ушул жактан аткарылышы керек.
Сүйлөө жөндөмүн арттыруу үчүн логопеддер иштейт, андан тышкары бий, шахмат, гимнастика бар.
Логопеддер бир гана сүйлөөсү кечеңдеген балдар менен эмес, тили жакшы чыккан балдар менен да иштешет, баарын камтыйбыз.
Ар кандай методикаларды колдондук, анан өз тажрыйбабыздан чогултуп, жеке методикабызды түптөдүк. Аны улам жаңыртып, кеңейтип, толуктап келебиз.
- Сиз азыр тажрыйбалуу ишкерге айландыңыз. Бир кездеги бизнестин каалгасын эми гана кагып жаткан өзүңүздү эстеп туруп, жаш ишкер айымдарга кандай кеңеш берет элеңиз?
- Мен жаш ишкерлерге гана эмес, алардын жакындарына да кайрылат элем: колумдан келет деген ой менен өзүбүзгө көп жоопкерчиликти алып алганда, аны аткарыш үчүн кара күчкө салып иштей беребиз. Бул ден соолукка терс таасирин берип, психологиялык, гормондук өзгөрүүлөргө алып келет экен. Канчалык күчтүү болбойлу, табиятыбыз – аял, чоң жүктү көтөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. Ошондуктан, жоопкерчиликти толугу менен өзүңүзгө жүктөп албаңыз, жакыныңыз менен бөлүшүңүз. Балким, жолдошуңуз, балким, агаңыз же иниңиз. Ар бир аялга эркек жакындарынын колдоосу абдан маанилүү. Аял аялдык назиктигин, уяңдыгын жанында жөлөк-таяк болчу күчтүү ийин болгондо гана сактай алат. Ушуну унутпашыбыз керек.
Чоң түйшүктөн аял чарчайт экен, көтөрө албай толуп же арыктап, психикалык жактан туруксуздук пайда болот экен. Күчтүү аял болбойт, күчтүү болуудан башка аргасы калбаган аял гана болот...
- А сизди ишкерчилик кандай өзгөрттү? 15 жылда мүнөзүңүздө кандай алмашуулар орун алды?
- Өзүм менен кошо айланамдагыларды өстүргөндү үйрөттү. Билген нерсемди бир гана өзүмө алып калбай, башкалар менен бөлүшкөнгө көндүрдү. Команда – бул бир үй-бүлө экенин, анын ар бир мүчөсүнүн билими жалпы ийгиликке кошулган салым экенин түшүндүрдү.
Башында тарбиячыларды өзүм үйрөттүм, андан соң алар мыкты эксперттерден сабак алышты. Ал билимдерин башка тарбиячыларга – өздөрүнөн кийин келген муунга өткөрүштү.
Мен сыймыктануу жана мактануу менен айта алам – күчтүү өзөк, күчтүү команда болбосо иш болбойт! Жетекчи катары алардын ар бирин татыктуу баалай билүү – менин милдетим экенин да түшүнөм.
Бала бакчанын иши чынында кыйын. Биз бала, апасы жана чоң эне-таенеси менен мамиле түзгөндү билишибиз керек. Үч муундун көңүлүн табууга тийишпиз! Эмнеге чоң эне-таенени айтып атам, анткени, ата-эне иштеп, а балага болгон камкордукту өзүнө алган чоң эне-таенелер көп.
- Демек, бала бакча иштеткен ишкерге бир эле убакта бир нече адистин ролун айкалыштырууга туура келет экен да – психолог, дипломат, уюштуруучу, стратег, насаатчы ж.б?
- Албетте. Бала бакчаны бардык эле адам алып кете албайт. Баланы сүйбөсөң, бул иш менен алектениш кыйын. Өзүм алты баланын энесимин. Көп балага бирдей мээрим төгүүнү билгендиктен, анан мүнөзүмдүн жумшактыгынан бул ишти алып кеттим окшойт.
Бала бакча ачаарда эмнени ойлондум? 6 балама башка бирөөлөр кандай мамиле кылышын каалайм деген ойдун тегерегинде издендим. Анан так ошол өзүм күткөн мамилени бала бакчама орноттум.
- Мүнөзүм жумшак деп калдыңыз, жумшак мүнөз менен бизнес канчалык айкалышат?
- Ачыгын айтсам, мүнөзүмдү бир аз катуулатыш үчүн психологдор менен иштешкен да учурум болду. Анткени, жок деп айта албаганым үчүн көп убакыт жандүйнөмдүн каалоосун ары түртүп, бөтөн кызыкчылыктарды биринчи орунга койдум. Менден суранып жатат, демек, аткарышым керек деген ой менен көп жоопкерчиликти алып алчу экем.
А ишкерчилик мага кээде “жок” деп айтуу зарыл экенин үйрөттү. Өзүмдүн үстүмдөн иштедим, жогоруда айткандай, психологдорго бардым. Бирок катуу мүнөз бизнесиңе жардам бергени менен аял деген табиятыңа кайчы келип калат экен.
Мен өзүмдү аялдык мүнөзүм өзгөрүп баратканын байкаарым менен токтото алдым. Жараткан мени аял кылып жаратты, ал жаңылган жок, демек, мен дагы аялдык сапатыма таянып, андан адашпашым керектигин түшүндүм.
Балким, балдар менен иштешкенимден өз убагында кайра өзөгүмө кайтуу мага оңой болду.
