2027-жылы Пхукетте туристтерди ташуу үчүн учкучсуз аэротаксилер ишке кирет
2027-жылы Таиланддын Пхукет аралында учкучсуз учуучу аэротаксинин туруктуу каттамдарын ишке киргизүү пландалууда. Жаңы транспорт түрү туристтерди эл аралык аэропорттон популярдуу эс алуу жайларына тез жеткирүү үчүн да колдонулат. Бул тууралуу Bangkok Post басылмасы жазды.
Долбоордо эки жүргүнчүгө ылайыкталган, электр энергиясы менен иштеген, тик учуп-конуучу EHang EH216-S үлгүсүндөгү аппараттар колдонулат. Долбоордун өнөктөшү — Таиланддын Sky ICT технологиялык компаниясы.
Алгачкы каттамдар аэропорттон Патонг жана Карон пляждарына, ошондой эле Промтеп тумшугундагы көрүү аянтчасына чейин уюштурулушу мүмкүн. Мындан тышкары, Паттайя, Самуи, Пханган жана Тао аралдарында да туристтерди ташуу боюнча сыноо каттамдарын жүргүзүү пландалууда.
Учурда Таиланддын Жарандык авиация башкармалыгы автономдуу жүргүнчү дрондорунун коопсуздук стандарттарын жана коммерциялык ишмердүүлүккө уруксат берүү эрежелерин иштеп чыгууда.
Ошондой эле өлкөдө жүк ташуучу учкучсуз аппараттар аркылуу коммерциялык жана медициналык жеткирүү кызматтарын ишке киргизүүгө даярдык көрүлүүдө. Пхукет бул технологияны сыноо үчүн алгачкы аймактардын тизмесине кирген.
