Кыргызстан аркылуу Түркмөнстандан Кытайга газ түтүгүн куруу сунушталды
Жогорку Кеңеш
20 ноябрь

Кыргызстан аркылуу Түркмөнстандан Кытайга газ түтүгүн куруу сунушталды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев 20-ноябрда Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Межлисинин Төрайымы Дуньягөзел Гулманова менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Түркменбашы шаарындагы «Аваза» улуттук туристтик аймагында өткөн жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө, ошондой эле соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Марлен Маматалиев жылуу кабыл алып, көрсөткөн меймандостугу үчүн түркмөн тарапка ыраазычылыгын билдирип, эки элдин ортосундагы кылымдарды карыткан достук, тарыхый жана руханий жакындык мамлекеттер аралык мамилелердин бекем пайдубалы экенин баса белгиледи.

«Кыргызстан Түркмөнстан менен калыптанган өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө кызыкдарбыз. Бизди бириктирген тарыхый байланыштар бардык багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Андыктан калыптанган мамилелерибизди конкреттүү долбоорлор жана демилгелер менен улантууга тийишпиз», – деди Марлен Маматалиев.

Ошондой эле Төрага алакаларды арттыруудагы парламенттик дипломатиянын маанисине токтолуп, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жана башка эл аралык аянтчалардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылчылыгына токтолду. Бул багытта депутаттык достук топторунун ишин жандандыруу, парламенттик делегациялардын өз ара сапарларын уюштуруу жана мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу маселелери көтөрүлдү.

Андан сырткары «Борбор Азия + Корея» сыяктуу кызматташтык форматтарынын маанилүүлүгүн белгилеп, мындай демилгелерге Япония, Грузия өңдүү мамлекеттер да кызыгуу көрсөтүп жатканын маалымдады.

Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулду. Марлен Маматалиев эки өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу үчүн өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, ишкерлердин кызматташтыгын кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү экенин кошумчалады.

Анын алкагында Кыргыз-Түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин активдештирүү, жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу жана түркмөн инвесторлорунун Кыргызстандагы долбоорлорго катышуусун кеңейтүү маселелери айтылды.

Мындан тышкары, Марлен Маматалиев энергетика тармагындагы кызматташтыкка токтолуп, Түркмөнстандан электр энергиясын жеткирүү боюнча калыптанган оң тажрыйбаны улантуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Ошондой эле жаратылыш газын жана мунай продуктуларын жеткирүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштап, анын ичинен Түркмөнстандан Кытайга Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү ири газ түтүгүн куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү зарылдыгын билдирди.

Транспорттук-логистикалык кызматташтык маселесине да токтолгон Төрага эки өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу аймактык сооданы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Тактап айтканда, Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Россия багыты боюнча эл аралык жүк ташууларды уюштуруу жана андан ары батыш багыттарына чыгуу, ошондой эле Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайга жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө жүк ташууну кеңейтүү боюнча сунуштар берилди.

«Транспорттук коридорлорду өнүктүрүү өлкөлөрүбүздүн экономикалык байланыштарын чыңдап гана тим болбостон, Борбор Азиянын эл аралык соодадагы ордун бекемдөөгө да кызмат кылат. Бул багытта биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө даярбыз», – деди Марлен Маматалиев.

Ошону менен катар маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү маселелери талкууланып, маданият күндөрүн, чыгармачылык фестивалдарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү, илим, билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт тармактарында тажрыйба алмашууну кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Өз кезегинде Түркмөнстандын Межлисинин Төрайымы Дуньягөзел Гулманова кыргыз-түркмөн мамилелеринин өнүгүшүнө жогору баасын берип, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

Ал мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы байланыштарды активдештирүү, эл аралык парламенттик уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү жана эки тараптуу демилгелерди колдоо маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттардагы өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн келечегине токтолду.

Муну менен катар Дуньягөзел Гулманова Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевди 2028-жылы өтө турган «Айым лидерлер» саммитине катышууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар талкууланган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууга жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, аталган жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Данияр Толонов, ошондой эле Жогорку Кеңештин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев да катышты