Ош аэропортунда жүзүн жапкан аялга айып салынган. Милиция түшүндүрмө берди
Ош шаарындагы эл аралык аэропортунда жүзүн толук жаап жүргөн жаранга айып салынган.
Облустук милициянын билдирүүсүнө караганда, социалдык тармактарда аэропортто жүзүн толук жаап жүргөн жаранга карата укук бузуу жөнүндөгү протокол түзүү учурундагы милиция кызматкерлеринин аракети тууралуу видео тараган.
Окуя боюнча: 2026-жылдын 17-ноябрь күнү Ош ОИИБдин Ош шаарындагы аэропортун тейлөө боюнча аба транспорттогу бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун Түштүк аймагы боюнча санариптик көзөмөлдөө бөлүмчөсү тарабынан Ош шаарындагы эл аралык аэропортунда жүзүн толук жаап жүргөн жаран тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган бөлүмдүн кызматкерлери коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн жаранды милициянын бөлүмүнө жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, айып пул салынган.
Белгилей кетчү жагдай укук бузуу жөнүндө протокол бул видео тарткан жаранга эмес, коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн аялга карата түзүлгөн. Ал эми видеого тарткан жаран бир нече жолку эскертүүгө карабай, милиция кызматкерлеринин иш алып баруусуна тоскоолдуктарды жараткан.
Учурда милиция кызматкерлеринин аракети боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмү тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.
