Соттук-медициналык эксперттөө борборунда 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды
Ош областынын прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамдарынын сакталышы боюнча Ош областтык соттук-медициналык эксперттөө борборунда жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган борбордун жооптуу кызмат адамдары 2025-2026-жылдары 6 млн 43 миң 812 сом акча каражатын мыйзамсыз ыйгарып алышкандыгы аныкталган.
Тактап айтканда, мекеменин ар кандай чыгымдарын жабууга багытталган акча каражаттары кызмат көрсөтүлгөн деген негизде жеке жактардын банктык эсептерине которулуп, кийин борбордун жооптуу кызмат адамдарынын жеке эсептерине кайра которулуп турган. Мындан тышкары, ар кандай компенсациялык төлөмдөр мыйзамсыз чегерилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
