Сүрөт ачык булактардан алынды
19 ноябрь
Суусамырда мектептин китепканасы жана спорт залы өрттөндү
Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылындагы орто мектептин китепканасынан жана спорт залынан өрт чыккан. Окуя 2026-жылдын 19-ноябрында саат 09:50 чамасында катталган.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан окуянын бардык жагдайларын тактоо жана тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүү улантылууда.
