Сүрөт ачык булактардан алынды
19 ноябрь
20-ноябрда Бишкектеги үч жаңы конушта суу убактылуу өчүрүлөт
Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында 20-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Суу берүү токтотула турган аймак Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелет.
Суу берүү «Контррезервуары» суу топтомосунда трансформатордук көмөк чордондун реконструкциялоо иштерине байланыштуу токтотулат.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарды, мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
