Бишкекте 914 миң сомду алдап алган аял кармалды
Ленин РИИБдин басма сөз кызматы
19 ноябрь

Бишкекте 914 миң сомду алдап алган аял кармалды

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирет Ленин райондук ички иштер башкармалыгы.

Маалыматка ылайык, милицияга Ж.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда К.А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын 17-октябрында Калык Акиев көчөсүндө аталган жаран анын ишенимине кирип, улуттук валютаны кытай юанына алмаштырып берүү шылтоосу менен 914 360 сом өлчөмүндөгү акчасын алдап алган. Андан соң алган милдеттенмесин аткарбастан, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган К.А. аттуу шектүү кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу дагы үч кылмыш фактысына тиешеси бар-жогу аныкталууда.

Милиция эгерде сиз дагы аталган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан болсоңуз, төмөнкү телефон номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт:

0 700 314 738,

0 703 532 353 же 102.

Тергөө иштери улантылууда.