Байге фонду 1,5 млн сом. Бишкекте 26-ноябрда төкмө акындардын айтышы өтөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
19 ноябрь

Байге фонду 1,5 млн сом. Бишкекте 26-ноябрда төкмө акындардын айтышы өтөт

2026-жылдын 26-ноябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында республикалык төкмө акындардын айтышы өтөт.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, айтыш «Айтыш» коомдук фондунун 25 жылдыгына, залкар төкмө акындар Эшмамбет Байсейит уулунун 160 жылдыгына жана Казыбек Мамбетимин уулунун 125 жылдыгына арналган.

Улуттук төкмө акындык өнөрдү өнүктүрүү, анын мурастарын даңазалоо жана таланттуу акындарды колдоо максатында уюштурулган айтыштын тандоо туру 20-ноябрда саат 12:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде өтөт.

Башкы айтыш 26-ноябрда саат 18:00дө Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулуп, акындар сөз тапкычтыгын, чыгармачылык дараметин жана төкмөлүк өнөрүн сынашат.

Иш-чаранын байге фонду 1 миллион 500 миң сомду түзөт.