Болоткан Баяке уулу Баткен районунун акими болуп дайындалды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
19 ноябрь

Болоткан Баяке уулу Баткен районунун акими болуп дайындалды

Болоткан Баяке уулу Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Жаңы дайындалган акимди Баткен районунун активине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Болоткан Баяке уулу, 1993-жылдын 8-октябрында Чүй облусунун Сокулук районундагы Төш-Булак айылында туулган. Агроном жана экономист адистиктерине ээ.

Эмгек жолун Сокулук районунун Гаврилов айыл өкмөтүндө ветеринардык инспектор болуп баштаган. Андан кийин «Таза-Сокулук» муниципалдык ишканасында башкы инженер болуп эмгектенген.

Ошондой эле Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, Сокулук жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрацияларында акимдин биринчи орун басары, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтарын аркалаган.

Акыркы кызмат орду – Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп эмгектенип келген.