Бишкекте $13 миң турган автоунааны ээлеп, из жашырып кеткен жаран кармалды
Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы
19 ноябрь

Бишкекте $13 миң турган автоунааны ээлеп, из жашырып кеткен жаран кармалды

2026-жылдын 10-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге А.К., аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Артур» аттуу чала тааныш адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын 22-июлунда аталган жаран Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде автоунааны ижарага алуу шылтоосу менен ага таандык баасы 13 миң доллар турган “HYUNDAI MIGHTY” үлгүсүндөгү автоунааны ээлеп алып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1986-жылы туулган жаран Р.А. аныкталган.

Ал райондук башкармалыктын тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы жогоруда аталган жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды милицияга кайрылууга же төмөнкү телефон номерлери аркылуу маалымат берүүгө чакырат:

0701 70 13 14; 102.

Тергөө иштери улантылууда.