Ысык-Көлдө атмосфералык абаны коргоо багытында рейд өткөрүлүп, 15 миң сом айып пул салынды
видеодон алынган кадр
19 ноябрь

Ысык-Көлдө атмосфералык абаны коргоо багытында рейд өткөрүлүп, 15 миң сом айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте атмосфералык абанын сапатын коргоо жана абаны булгоонун алдын алуу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө автотранспорт каражаттарынан атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарга байланыштуу мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилип, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жалпы суммасы 15 000 сомду түзгөн административдик протоколдор түзүлдү.

Министрлик атмосфералык абанын тазалыгын сактоо, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу жана экологиялык талаптардын аткарылышын камсыздоо багытындагы көзөмөл иш-чараларын улантат жана жарандарды, айдоочуларды экологиялык талаптарды сактоого, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырат.