Кыргызстанда майыптыгы бар балдарга берилүүчү ай сайынкы жөлөкпулдун өлчөмү көбөйөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
19 ноябрь

Кыргызстанда майыптыгы бар балдарга берилүүчү ай сайынкы жөлөкпулдун өлчөмү көбөйөт

Кыргызстанда майыптыгы бар балдарга берилүүчү ай сайынкы жөлөкпулдун өлчөмү 2027-жылдын 1-январынан тартып 8 миң сомдон 11 миң сомго чейин көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жөлөкпулдун өлчөмүн жогорулатуу мамлекеттин социалдык саясатынын алкагында президенттин жарлыгы менен каралган. Ошондой эле 2027-жылдан тартып тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган көп балалуу энелерге «Бала Береке» бир жолку жөлөкпулу төлөнө баштайт.

Мындан тышкары, 2027-жылдын 1-январынан тартып башка социалдык төлөмдөрдүн да өлчөмү көбөйөт. Тактап айтканда, ата-энесинен ажыраган балдарга берилүүчү жөлөкпул 6 миң сомдон 8 миң сомго, багуучусунан ажыраган балдарга 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин жогорулайт.

«Баатыр эне» наамын алган энелерге берилүүчү ай сайынкы төлөм 3 миң сомдон 5 миң сомго, ал эми пенсиясына кошумча төлөнүүчү каражат 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.

2027-жылдын бюджетинде калкты социалдык жактан коргоого 47,3 млрд сом каралган.