Бишкекте спорт, этикет жана сулуулук Эл аралык Академиясы ачылат
“Гимнастика – бул жөн гана физикалык активдүүлүк эмес, баланын мүнөзүн жана инсандыгын калыптандыруунун эң сонун ыкмасы. Мен жашоомдун 12 жылын гимнастикага арнагам жана спорттун бул кооз түрүнүн артыкчылыгын жакшы билем. Академия айым спортчулардын прогрессине жана дүйнөлүк жетишкендиктерине кызмат кылат.
Спортту өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турган бул гимнастика Академиясынын ачылышын бүткүл дүйнө күтүп жатат”, - деп айтты Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдакматова “Караван-Инфо” редакциясына.
Академияда жогорку деңгээлдеги тренерлер, спорттук медицина тармагындагы адистер жана психологдор иштээри пландалууда.
Гимнасттар туура тамактануу менен камсыздалат. Ошондой эле хореография, балет жана йога бөлмөлөрү, кийим чечүүчү жана душ бөлмөлөрү болот. Мунун баары дүйнөлүк деңгээлдеги спортчуларды физикалык жактан даяр жана психологиялык жактан туруктуу өнүктүрүүгө жардам берет. Кечкисин машыгуулар болбогон учурда, каалаган адам гимнастика, бий, учуу йогасы менен машыгып, реабилитациялык программалардан өтүп, ден соолуктарын чыңдай алышат.
Академия профессионал профессордук-окутуучулук курамдын, заманбап техникалардын, бардык керектүү тренажерлордун жана жабдуулардын жардамы менен кеңири кызматтарды көрсөтө алат. Ал эл аралык стандарттарга жана учурда бар программаларга ылайык иштейт.
Эл аралык гимнастика федерациясынын президенти Моринари Ватанабэнин айтымында, академиянын ачылышы өлкөдө спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө түрткү болуп, кыргызстандыктар ири мелдештерде дагы да көп медалдарды ала баштайт.
"Бул дүйнөдөгү эң мыкты залдардын бири болот", - дейт ал.
Спорт департаментинин эл аралык бөлүмүнүн башкы адиси Марлен Соляной академиянын курулушу гимнастиканын гана эмес, бүтүндөй кыргыз спортунун өнүгүшүнө чоң салым кошоорун белгиледи.