Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы эл аралык мелдеште 2-орунду ээледи
26 октябрь

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы эл аралык мелдеште 2-орунду ээледи

Бишкекте 22-26-октябрь күндөрү 14 жашка чейинкилер арасында «Таланттар Кубогу» болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. 

Эл аралык турнирге Кыргызстан, Бахрейн, Казакстан жана Өзбекстандын өспүрүмдөр курама командалары катышты.

Турнир KФБ Улуттук футбол академиясынын оюн талаасында, FIFA Talent Coach программасынын алкагында өттү. Турнирге Кыргызстандын курама командасы башкы машыктыруучу Санжар Шаршеевдин жетекчилиги алдында күч сынашты.

Жобого ылайык, турнир айлампа системасы боюнча бир айлампада өткөрүлдү. Кубоктун ээси эң көп упайдын негизинде аныкталды.

Бүгүнкү (26-октябрь) финалдык - үчүнчү турда биздин команда Казакстандын командасы менен беттешти.

Беттеш 3:2 эсебинде биздин команданын жеңиши менен аяктады. Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын курама команда Бахрейнден келген атаандаштарын 2:0 эсебинде утуп, Өзбекстан менен тең ойногон (1:1).

Турнирдин жыйынтыгында Кыргызстан курамасы сары кагаздардын көптүгүнөн турнирдик жадыбалда 2-орунда (7 упай) жайгашты. Ал эми 1-орунду Өзбекстан курамасы (7 упай) жеңди. Казакстан турнирди 3-орунда (3 упай) аяктаса, Бахрейн курамасы упайсыз акыркы орунда жайгашты.

Индивидуалдык сыйлыктардын жеңүүчүлөрү:

  • Мыкты дарбазачы - Артем Кашуба (Кыргызстан)
  • Мыкты коргоочу - Азизилло Эркинжонов (Өзбекстан)
  • Мыкты жарым коргоочу - Айбын Даулет (Казакстан)
  • Мыкты бомбардир - Бехрузбек Саматов (Өзбекстан)
  • Мыкты оюнчу - Ариет Абилов (Кыргызстан).