Кыргызстандык балбан 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
14 октябрь

Кыргызстандык балбан 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди

Кыргызстандык балбан Эрлан Марс уулу АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алды.

Эрлан Марс уулу 82 кг чейинки салмакта грек-рим күрөшү боюнча күч сынашты. Ал мелдешти ийгиликтүү баштап, грек балбаны Андреас Василакопулосту 7:0 эсебинде жеңди. Бирок чейрек финалда армениялык балбанга утулуп калды. Аталган балбан кийин финалга чыккандыктан, кыргызстандык спортчу коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттештерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Көңүл жубатуучу беттеште Эрлан Марс уулу сербиялык Огнен Яковлевич менен күч сынашып, 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Коло медаль үчүн болгон чечүүчү беттеште кыргызстандык балбан швециялык Александр Йоханссон менен килемге чыкты. Биринчи бөлүктө атаандашы беш упай топтоду. Экинчи бөлүктө Эрлан Марс уулу төрт упайлык ыкма жасап, андан соң атаандашын далысына басып (туше), мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Натыйжада ал дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Бул медаль Кыргызстандын курама командасы үчүн аталган дүйнө чемпионатындагы экинчи коло байге болду. Буга чейин Кубаныч Арынов 60 кг чейинки салмак ченинде коло медаль жеңип алган.