Депутат күч органдарынын ардагерлери үчүн МинКабга ыраазы болду
Президент Садыр Жапаров күч органдарынын ардагерлеринин жана милиция кызматкерлеринин пенсиясын жана айлык маянасын көбөйтүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирип, аткаруу бийлигине ыраазычылыгын айтты.
“Бир нече депутат көптөн бери күч органдарынын ардагерлеринин пенсиясын көбөйтүү маселесин көтөрүп келгенбиз. Ал үнүбүз жетип, ага кошо милиция кызматкерлеринин да айлыгы көбөйтүлө турган болду. Бул жаатта аткаруу кызматында бир канча жумушчу топ иштеди. Мен алардын баарына ыраазычылык билдирем”, - деди депутат.
Ал күч органдарынын ардагерлери жана алардын үй-бүлөлөрү бул жаңылыкты кубануу менен кабыл алышканын кошумчалады.
