Кыргызстан менен Россиянын ССМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты
14 октябрь

Кыргызстан менен Россиянын ССМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен жолугушту.

Жолугушуу саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.

Мындан тышкары, Кыргызстандын делегациясы Москва хирургдарынын XI конгресси менен биргеликте өтүп жаткан Россия хирургдарынын XVII съездинде көрсөтүлгөн хирургия тармагындагы заманбап жетишкендиктер менен таанышты.