Чет өлкөлүк номердеги автоунаалар Кыргызстанга эркин кирип-чыга алат
14 октябрь

Чет өлкөлүк номердеги автоунаалар Кыргызстанга эркин кирип-чыга алат

Кыргызстанга чет өлкөлүк номердеги автоунаалардын эркин-кирип чыгышына алты айлык мөөнөттө уруксат берилди. 

Депутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин бул жааттагы токтомуна өзгөртүү киргизилгенин билдирди. 

“Чет өлкөлүк номердеги автоунаалардын Кыргызстандын аймагына кирүүсү боюнча токтом өзгөртүлүп, 6 айлык мөөнөткө кирип-чыгууга уруксат берилди. Бул башка өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттардын өз автоунаасында  мекенине келип, туугандары менен бат-баттан жолугуп турууга мүмкүнчүлүк берет”, - деди депутат. 

Айтымында, токтом 10 күндө күчүнө кирет.