Кыргызстандык балбан АКШда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында (U23) коло медаль утту
Кыргызстандык спортчу Кубаныч Арынов АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Кубаныч Арынов грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмак чен бирдигинде күч сынашып, эрктүүлүгүн жана жогорку чеберчилигин көрсөттү.
кыргызстандык балбан мелдешти 1/8 финалда ишенимдүү баштап, АКШ өкүлү Максвелл Хоппер Блэкти 64 секунддун ичинде 8:0 эсеби менен таза жеңди.
Чейрек финалда Азербайжан балбаны Элмир Алиевге упай айырмасында (4:7) утулуп калды. Азербайжандык спортчу финалга чыккандыгына байланыштуу, мекендешибиз көңүл жубатуучу беттеште күч сынашууга мүмкүнчүлүк алды.
Көңүл жубатуучу беттеште Польшанын өкүлү Оливье Томаш Скшипчакты 9:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Коло медаль үчүн кармашта өзбекстандык Мехрож Бахрамовду 1 мүнөт 51 секундасында далысын жерге тийгизип (туше), жеңишке жетти.
