Барпы театры Өзгөн районунда Курманбек Ниязбековдун «Кыйылган өмүр» спектаклин тартуулайт
2026-жылдын 15-16-октябрь күндөрү Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры Ош облусунун Өзгөн районуна чыгармачылык гастролго барып, көрүүчүлөргө Курманбек Ниязбековдун «Кыйылган өмүр» спектаклин тартуулайт.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, спектакль төмөнкү маданият үйлөрүндө көрсөтүлөт:
- 15-октябрь, саат 11:00 жана 14:00— Мырза-Аке маданият үйү;
- 16-октябрь, саат 11:00— Көлдүк маданият үйү;
- 16-октябрь, саат 14:00— Большевик маданият үйү;
- 16-октябрь, саат 16:00— Кызыл-Тоо маданият үйү.
«Кыйылган өмүр» спектаклинде үй-бүлөлүк баалуулуктар, зордук-зомбулук, миграция, жаштар арасындагы кылмыштуулук жана зыяндуу дары каражаттарынын терс кесепеттери сыяктуу коомдук көйгөйлөр чагылдырылат.
Спектакль көрүүчүлөрдү аталган маселелердин кесепеттери тууралуу ой жүгүртүүгө чакырат.
