Спикер: Эч бир депутат асмандан түшкөн эмес, мен баарын бирдей көрөм
14 октябрь

Спикер: Эч бир депутат асмандан түшкөн эмес, мен баарын бирдей көрөм

Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Марлен Маматалиев бардык депутаттар ага бирдей экенин билдирди. 

“Мен депутаттардын баарына бирдей карайм, бир дагы өзгөчөлөнгөн депутат болбоого тийиш. Төрага катары бөлүүгө же бөлүнүүгө, акаарат келтирүүгө жол бербейм. Регламентте бул боюнча толук бөлүм бар, укуктар жана мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Бардык депутаттар элдин элегинен өтүп, шайланып келген, элдин тандоосуна ээ болушкан. Бизге бир гана эл баа берет, жакшысын жакшы дейт, жаманын жаман дейт”, - деди Маматалиев. 

Ошондой эле ал депутаттардын дарегине сын айтууда аша чабууга жол бербөөгө: үй-бүлө жана ата-энесине акаарат келтирбөөгө чакырды. 

“Бир да депутат асмандан түшүп калган жок, өз эмгеги менен шайланып келди. Мындан ары ынтымагыбызды, биримдигибизди бекемдеп, жумушубузду уланта беребиз”, - деди ал.