Кыргызстандын ушу-саньда боюнча курамасы Азия кубогунда 4 медаль утту
8 июль

Кыргызстандын ушу-саньда боюнча курамасы Азия кубогунда 4 медаль утту

Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия кубогунда 2 алтын жана 2 коло медаль утту.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш 2-7-июль күндөрү Кытайдын Жилин шаарында өттү. 

Алтын медалдын ээлери:
+90 кг Каримжон Балтабаев;
85 кг Темирлан Аманкулов.

Коло медалдын ээлери:
65 кг Кадырбек Эрмамат уулу;
80 кг Жумадыл Камбар уулу.

Курама команда башкы машыктыруучу Тагайбек Өмүржановдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.