Бишкекте алгачкы жолу ордо оюну боюнча клубдар аралык чемпионат өтүп жатат
Бүгүн, 31-мартта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ордо оюну боюнча Кыргыз Республикасынын клубдар аралык чемпионатынын I туру расмий түрдө башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков, спортмендер, күйөрмандар катышты.
Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген жалпы 8 команда күч сынашат. Оюндар 2-апрелге чейин уланат.
Эскерте кетсек, ордо оюну боюнча клубдар аралык чемпионат өлкөдө биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Чемпионаттын II туру Жалал- Абад облусунда, III туру Бишкек шаарында күз айларына чейин өткөрүлөөрү пландалууда.
