Токтогулдагы стадион 45 жылдан кийин реконструкциядан өтүп, ачылды
Бүгүн, 15-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарындагы Э.Ормонов атындагы стадион реконструкциядан кийин ачылды.
Борбордук стадион 45 жылдан кийин биринчи жолу ири реконструкция жана капиталдык оңдоодон өттү. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Белгилей кетсек, аталган стадион 1980-жылдан бери капиталдык оңдоодон өтпөй келген. 2024-жылдын май айында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токтогул шаарына болгон иш сапарында стадионду реконструкциялоо боюнча тапшырма берген.
Аталган тапшырмага ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги иш алып барып, объект өз мөөнөтүнөн кечиктирилбей бүткөрүлдү. Стадион заманбап талаптарга толук жооп берет.
