
Бостери айылында жаңы кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди
Ысык-Көл районунун Бостери айылында жаңы кичи футбол аянтчасы ачылды, деп билдирет Мамкурулуш агенттиги.
Яянтчанын долбоору Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адистери тарабынан чийилип, дайындалган.
Спорт аянтча жергиликтүү бюджеттен каржыланып, жалпы аянты 2465 чарчы метрди түзөт.