Эл аралык “Ысык-Көл” оюндары старт алды
9 сентябрь

Эл аралык “Ысык-Көл” оюндары старт алды

Ысык-Көл облусунда 8-сентябрда эл аралык “Ысык-Көл” оюнунун расмий ачылыш аземи өттү.

Ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты.

Эл аралык оюндар спорттун 21 түрү боюнча өткөрүлүп, ага Кыргызстандан тышкары Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Литва, Германия, АКШ, Иран, Корея жана Монголия мамлекеттеринин спортсмендери катышууда.

Мелдештердин жүрүшүндө спортсмендер спорттун ар түрдүү багыттары боюнча күч сынашып, байгелүү орундар үчүн ат салышат.

Эл аралык “Ысык-Көл” турнири спортсмендердин тажрыйба алмашуусуна, эл аралык спорттук байланыштарды бекемдөөгө жана Ысык-Көл аймагында спорттук иш-чараларды өнүктүрүүгө багытталган.

Мелдештер 12-сентябрга чейин уланат.