Кытайла VI Азиянын пляждык оюндары старт алды
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
22 апрель

Кытайла VI Азиянын пляждык оюндары старт алды

Кытайдын Санья шаарында күн мурун, 22-апрелде VI Азия пляждык оюндары старт алды.

Салтанаттуу ачылыш азем жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00до башталып, атайын концерттик шоу-программа менен уланды.

Ар бир мамлекет салтанатуу параддан өтүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун жеңил атлет Тимур Исаков көтөрдү.

Белгилей кетсек, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортчу катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өтөт. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен спорттун 9 түрүнөн катышат.

Оюндар 30-апрелге чейин уланат.