КФБнын футбол калыстары расмий фитнес-тесттен ийгиликтүү өтүштү
КФБнын футбол калыстары расмий фитнес-тесттен ийгиликтүү өтүштү.
Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашкандай, 26-март күнү тестирлөө Ош шаарындагы Момунов атындагы футбол академиясында жана Манас шаарындагы «Курманбек» стадионунда өткөрүлдү. Ал эми 29-мартта Бишкек шаарындагы Футбол академиясында улантылды.
Тестирлөө FIFAнын талаптарына ылайык өткөрүлүп, калыстардын физикалык даярдыгын баалоого багытталды. Анын алкагында төмөнкү нормативдер камтылды:
- 6×40 метр спринт (ылдамдык сапаттарын баалоо);
- 75×25 метр аралыктагы интервалдык тест (12 айлампа) (чыдамкайлыкты баалоо).
Жалпысынан тестирлөөгө 135 калыс жана жардамчы калыстар катышты:
- Ош шаары — 37;
- Манас шаары — 33;
- Бишкек шаары — 65.
Белгилей кетсек, 2026-жылы бул калыстар үчүн үчүнчү расмий фитнес-тест болуп эсептелет. Буга чейин ушундай тесттер январь жана февраль айларында өткөрүлгөн.
Ар бир тесттен кийин калыстардын учурдагы физикалык абалын баалоо максатында милдеттүү түрдө көзөмөлдүк таразага түшүү жүргүзүлөт. Кыргыз футбол биримдиги жана Кыргыз Профессионалдык футбол лигасынын алкагындагы оюндарды тейлөөгө бардык талаптарды ийгиликтүү аткарган жана салмактык көзөмөлдөн өткөн калыстар гана уруксат алышат.
