Бишкекте шахмат боюнча эл аралык турнир өтөт
19 июнь

Бишкекте шахмат боюнча эл аралык турнир өтөт

Ушул жылдын 22-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунда «Маданияттар диалогу: чек арасыз шахмат» аттуу эл аралык командалык турнир өтөт. Бул тууралуу Кыргыз шахмат биримдигинен билдирди.

Турнирге Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана Өзбекстандын командалары катышат.

Ар бир курама беш оюнчудан — төрт эркек жана бир аял шахматчыдан түзүлөт.

Мелдештер Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) эрежелерине ылайык өткөрүлөт. Байге фонду 1 миллион рублди түзөт.

Турнирдин башкы калысы болуп Азиз Умарбеков дайындалган.

Иш-чаранын максаты — шахмат аркылуу өлкөлөр ортосундагы достук байланышты жана маданий алакаларды чыңдоо.