Кыргызстанда триатлон боюнча Азия Кубогу өтөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
8 сентябрь

Кыргызстанда триатлон боюнча Азия Кубогу өтөт

Чолпон-Ата шаарында 12-13-сентябрь күндөрү триатлон боюнча 2026 VISA Asia Triathlon Cup Cholpon-Ata эл аралык мелдеши өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Каприз” эс алуу борборунун аймагында уюштурулат. Азия Кубогуна 17 өлкөдөн келген 100дөн ашуун спортсмендер катышып, триатлондун үч багыты — сүзүү, веложарыш жана чуркоо боюнча күч сынашат.

Кыргызстандын намысын эл аралык мелдеште төмөнкү спортсмендер коргойт:

  • Абдрахимов Темирлан
  • Саламатов Адамхан
  • Майрамбеков Данай
  • Кокина Татьяна
  • Блиндул Ангелина
  • Крамаренко Анна.