Кыргыз футбол биримдигинде Гана Республикасынын делегациясы менен жолугушуу өттү
18 март

Кыргыз футбол биримдигинде Гана Республикасынын делегациясы менен жолугушуу өттү

17-март күнү Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде Гана Республикасынын делегациясы менен расмий жолугушуу өттү. Кыргыз футбол биримдиги тарабынан жолугушууга биринчи вице-президент Нурдин Букуев катышты. Ал эми Делегацияны Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Окудзето Аблаква жетектеди.   

Мындан сырткары эки тараптуу жолугушууга Кыргыз Республикасынын Федеративдик Демократиялык Эфиопия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Адылбек Жыргалбекович Тультемиров жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери, Гана делегациясынын мүчөлөрү катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Нурдин Букуев Кыргызстанда футбол жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ал улуттук курама командада жана клубдарда ганалык футболчулар ойноп жатканын айтып, Гананын футболундагы жетишкендиктерин өзгөчө белгилеп өттү.

Өз кезегинде  Гананын тышкы иштер министри өлкөдөгү футболдун өнүгүүсү тууралуу маалымат берип, оюнчуларды даярдоо системасынын жогорку деңгээлин белгиледи. Ошондой эле ал кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары катары тажрыйба алмашуу, Гананын футбол академияларына иш сапарларды уюштуруу жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюу маселелерин сунуштады. 

Тараптар жолдоштук беттештерди өткөрүүгө жана футбол жаатында тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө өз ара кызыктар экендиктерин билдиришти. 

Иш сапардын алкагында Гана делегациясы улуттук курама команданын чабуулчусу Жоэль Кожо жана «Барс» клубунун оюнчусу Эммануэль Ягр менен да жолугушту.