Нурзат Нуртаева Азия чемпионатынын коло медалын жеңди
10-апрелде Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча балбан Нурзат Нуртаева 3-орунду ээлеп, коло медалга татыды.
Нурзат 72 кг чейинки салмакта күч сынашып, чейрек финалда Кореянын өкүлү Субин Кимди 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңген.
Жарым финалдык баскычта Кытайлык Жиа Лонгго 0:11 эсебинде жеңилип калган.
Коло медаль үчүн күрөштө Монголиялык Эрдене Очирди менен 2:0 эсебинде артта калтырды.
