Кыргызстандын курама командасы түрк күрөшү каракучак боюнча дүйнө чемпионатында төртүнчү орунду ээледи
30 октябрь

Кыргызстандын курама командасы түрк күрөшү каракучак боюнча дүйнө чемпионатында төртүнчү орунду ээледи

25-26-октябрда Түркиянын Кахраманмараш шаарында түрк күрөшү каракучак боюнча дүйнө чемпионаты болуп өттү. Ага дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн келген спортчулар катышты.

Кыргыз Республикасынын курама командасы мыкты жыйынтык көрсөтүп, командалык эсепте төртүнчү орунду ээледи.

Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык балбандар бир күмүш жана үч коло медаль жеңди.

Дүйнө чемпионатынын байге ээлери:

2-орун – Бувайсар Инаркиев.
3-орун – Абубакир Нематов, Раатбек Рахат уулу, Сыймык Авазбеков.