Ош шаарынын борбордук стадиону жаңыланууда
Ош шаарынын А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда ФИФАнын талаптарына жооп берген гибриддик футбол талаасы курулуп, чуркоочу аянтчага заманбап резина каптама төшөлдү.
Мэриядан кабарлашкандай, негизги курулуш иштери толук аяктап, бүгүн расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, спортчулар жана шаар тургундары катышты.
Жаңылануу иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Иш-чаранын алкагында балдар жана кыздар арасында чуркоо боюнча спорттук мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.
