Таластагы 5000 орундуу борбордук стадиондун курулушу текшерилди
15 август

Таластагы 5000 орундуу борбордук стадиондун курулушу текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бүгүнкү күндө стадиондогу курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышы 75 пайызды түзөт. Объектиде учурда 300дөн ашык жумушчу эмгектенүүдө.

Министр объекттеги иштердин сапатына көңүл буруп, жумушчу күчүн көбөйтүү боюнча подрядчы уюмга тапшырма берди. Ошондой эле стадион эл аралык стандарттарга толук жооп бериши керектигин белгиледи.

Долбоорго ылайык, 5000 орундуу стадиондо батыш жана чыгыш трибуналар, оюнчулар үчүн бардык шарттар, медиа жана VIP-зоналар, ошондой эле VAR системасы каралган. Мындан тышкары, футболчулар үчүн жатакана, тамактануучу жай жана административдик бөлмөлөр курулат.

Белгилей кетсек, стадиондун курулушу 2025-жылдын 9-апрелинде башталган. Объектини Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.