Кыргызстандын курама командасы Азия өспүрүмдөр пара оюндарынан кайтып келди
15 декабрь

Кыргызстандын курама командасы Азия өспүрүмдөр пара оюндарынан кайтып келди

Бүгүн, 15-декабрда Кыргыз Республикасынын курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өткөн Азия өспүрүмдөр пара оюндарынан кайтып келди.

Спортсмендерди “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Эрмеков, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, ошондой эле спортсмендердин жакындары тосуп алды.

Эске салсак, Азия өспүрүмдөр пара оюндарынын мелдештери 7-декабрдан 14-декабрга чейин Дубай шаарында өттү.

Армрестлинг боюнча төмөнкү спортчулар жогорку жыйынтыктарды көрсөттү:

  • Исхак Салиев (55 кг) – биринчи орун
  • Билал Калыков (65 кг) – биринчи орун
  • Айгуль Муталипова (60+ кг) – биринчи орун
  • Кутман Фаридин уулу (65+ кг) – биринчи орун

Кыргызстандын атынан жалпы 20 спортсмен сууда сүзүү, таэквондо, жеңил атлетика, стол тенниси, пауэрлифтинг, голбол, армрестлинг жана бочча сыяктуу спорттун 8 түрү боюнча таймаштарга катышты.